Menu

Адахан Мадумаров, оппозиционер: Кечээ кучакташып жүргөн депутаттар, бүгүн соттошууда

Бөлүшүү:

Кечээ эле кучакташып, айылына барып калса козу союшуп достошуп жүргөндөр, бүгүн соттошуп жатышат. Бул мандат чыры 5 жыл уланат. Анткени ар бир депутаттын өз кызыкчылыгы бар. Мамлекеттик кызыкчылык эмес. Муну менен Жогорку Кеңештин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшөт. Кадыр-барктын түшүүсү менен мыйзамга болгон сый-урмат да кетет.

Парламенттеги мандат чыры VI чакырылыш өз ишин баштагандан бери кызуу уланып жатат. Биринин артынан бири сала мыйзамдуу да мыйзамсыз да депутаттык мандаттан ажыраган эл өкүлдөрүнүн саны азыр дагы суюлбай келет. Алардын алды соттошуп жатып беттегенинен тайбай мандатын кайрып алса, айрымдарынын мандаты бир сот отурумунда сакталып, экинчи сот ишинде ал өкүм жокко чыгып калууда. Мандат чыры жакында токтобосун саясаттын чордонунда жүргөндөр кеп кылышууда. Мына ушул VI чакырылыштагы депутаттардын жүрөк үшүн алчудай болгон “Мандатгейт” маселесинин алкагында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен маек курдук.

VI чакырылыштын депутаттарынын арасында мандаттан кол жуугандар же соттошуп жүрүп мандаттын кайтарып алгандар болууда. Буга карата жетиштүү добуш ала алган эмес деген жүйөнү айтып жатышат. Чындыгында добуш маселеси турабы же бул жерде башка мандем барбы?

Бул жерде көп маселе кездешет. Жетиштүү добуш ала албай калгандар да бар. Эгерде добуш ала албай калса анда эмнеге тизме түзүлдү? Эмне үчүн ал талапкерди тизменин алдына койгон? Мында бир топ себептер бар. Балким каражаты менен киргендир. Каражаты кетип анан мандаттан кол жууп калгандар күйүп жатат. Кечээ күнү эле кучакташып, айылына барып калса козусунун союп достошуп жүргөндөр, бүгүн соттошуп жатышат. Мындагы негизги маселе башында кайсы максатта бириккенинде жатат. Эгерде башында мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бириккенде мынчалыкка барбайт болчу. 

Эптеп Жогорку Кеңешке кирип калуу негизги мүдөө болгонбу?

-Албетте. Кар улуу жаап калган учурда жайкы керемет чокоюн чечип коё туруп, өтүгүн кийип өтүп кетет да, андан соң чокойду чечип ыргытып, кайра өзүнүн бут кийимин кийип алып кете берет. Парламент базарга айланып бүттү. Ошол эле Борбордук шайлоо комиссиясы ачык эле базарга айланды. Эртең менен кимдин категориясы кандай, түштөн кийин ким келет, саат алтыга чейин “күтөм жигит” дегенге өттү.

VI чакырылыштын депутаттарынын шайлоо алдын ала арыз жаздыруу өзгөчөлүгү менен өттү. Бул өзгөчөлүктүн мандеми эмнеде?

-Бул деген бири-бирине ишенбөөчүлүк. Бири-биринен шектенүүчүлүк. Шектенүү менен кантип бир партияда болот? Ошондуктан өсө элек туруп саясий партиянын кажети жок болчу. Биз бул деңгээлге жете элекпиз. Биздин маданиятыбызда, аң-сезимибизде ал нерсе болгон эмес. Ошондуктан бир мандаттууга келиш керек. Ошондо эле кимдин-ким экенин билет. Азыр партиянын курамында кимдер бар экенин эл билбейт. Кечээ күнкү соттолгондор, уруулар жүрөт. КРнын жараны эмес экен дегендер болууда.

-Азыр партиялардын идеологиясы, партияга болгон фанатизм жоголду деп айтууга болобу? 

-Жоголду. Бүгүнкү күндө бийлик абдан люмпенизацияга кептелди. Люмпенизация бул билимсиз, маданиятсыз, адискөй эмес, начар бир коом. Азыр мына ушундай болуп калды. Президенттин, өкмөттүн, министрдин сөзү сөз эмес. Ал эми ЖКтеги депутатардын айткандарын угуп жатып кулак тажайт.

-Азыркы “Мандат чыры” парламентке кандай шек келтирип жатат?

-Парламентке шек келмек тургай, шекке көмүлүп бүттү. Мындай ишенимди жаратпаган парламент өзү тарап кетүүсү керек. Же саясий жетекчилик күчтүү эрк менен таратып, кайрадан шайлоо өткөрүүсү зарыл.

Айрымдар, “убактылуу депутаттары көп”. Мандар чыры дагы уланып, мандаттан ажырагандар дагы болот деп айтып жатышат. Бул айтылгандар жүйөлүүбү? 

-Мандат маселеси 5 жыл уланат. Бул токтобойт. Анткени ар бир депутаттын өз кызыкчылыгы бар. Мамлекеттик кызыкчылык эмес. Муну менен Жогорку Кеңештин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түшөт. Кадыр-барктын түшүүсү менен мыйзамга болгон сый-урмат да кетет.

-Азыркы депутаттарга мандат маселеси боюнча кайрылганда, пикир билдирүүдөн качышат. Бул депутаттыктан кол жууп калуу коркунучунанбы же фракция лидеринин диктатуралык режимиби? 

Буга айтылган эки себептин таасири бар. Ошондой эле, болуп көрбөгөндөй сабатсыздык болууда. Депутат болуп алып, АКШнын парламентинде канча партия бар деп сурап жатышат. Бул суроону 7-класстын баласы берет. Конститутциялык түзүлүш деген эмне, мамлекеттик башкаруу системалары кандай болоорун билбей туруп, кантип ал мыйзам жазат.  

-Азыркы депутаттар менен парламенттин өмүрү канчалык? 

-Бул элдин пейилине жараша. Эл чыдаса жашай берет. Кыргызстандын тагдыры элдин пейлине жараша болот. Эгерде байлыктын артынан кете турган болсо, анда эч ким байлыктын түбүнө жеткен эмес. Жок, биз руханий, улуттук кызыкчылык керек десе, анда башка чечим болот. 

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык. 

Гүлназ Мамытова

Булак: maralfm

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: