Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү жыйынында билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка жатпай турганын билдирип, Өкмөттүн мындай планы болбогонун билдирди.
«Электр энергиясына тариф орто мөөнөттүү тариф саясатына карата аныкталат. Ага ылайык, электр энергиясына тарифти көтөрүү каралган жок», – деди Темир Сариев билдирди.
Премьер-министр жарандарга туура маалыматты жеткирүү үчүн тиешелүү органдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Эсиңиздерге сала кетсек, электрэнергияга баанын 1-апрелден тартып көтөрүлө турганын КР Отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-секретары Миргүл Айдарова 16-февралда Жогорку Кеңеште жарыялаган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ