Menu

Экс-депутат Жуман Акулиевдин үстүнөн кара булут айланабы?

Бөлүшүү:

Негизи Балыкчы калаасынан көздөн далдоо «кылт эте» тескери кадам салсаң, шаардагы чычканга кебек алдырбаган активисттер дароо териңди тескери сыйрып, айдап жолго салары буга чейин далай ирет далилденген. Сот, прокурор же милициясы болобу, Балыкчыдагы жергиликтүү оппозиционерлердин кыпындай илинчегине илинсең Акүйдө алты тирөөчүң болсо да кызматыңды сактап калыш түшүңө кирбейт. Кезегинде кыргыз парламентине чейин депутат болуп келген аталган калаанын тургуну Жуман Акулиев аттуу аксакалга байланышкан тоголок арыз өкмөт башчынын наамына келип түштү (көчүрмөсү редакцияда сакталуу). Мазмунуна үңүлсөк, кайран киши сакалдуу курагында Балыкчыдагы мамлекеттик резерв фондуна караштуу эгиндерди сактоону өзүнө таандык жеке менчик «Алтын Дан» элеваторуна сактап жатканы айрым шаар тургундарынын нааразычылыгын туудуруп жаткан чагы экен. Мындан тышкары да дал ушул маселенин тегерегиндеги шектүү иштерди тизмектеп туруп, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго калаа тургундары кат жөнөтүштү. Кетээр кезинде Сооронбай Жээнбеков булардын көйгөйлөрүнө көңүл бурар бекен? Жыйынтыгын чогуу күтө туралы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: