Бишкек шаарынын “Жеңиш” жаңы конушунда 17-жаштагы студент кызды бөлөсү муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрда болгон. Милициянын 102 байланыш кызматына жашы жетелек кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу коңгуроо түшкөн. Кийинчерээк маркум 17-жаштагы Нарын облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал борбордун окуу жайларынын биринде окуп, туугандарынын үйүндө жашачы.
Кылмышка шектүү деп маркумдун эки бөлөсү кармалган, алардын бири кийин кызды өлтүргөндүгүн мойнуна алган. Анын айтымында, ал кызды зордуктоо аракетин көргөн, бирок кыз каршылык көргөзгөндө аны муунтуп салган.
Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Бишкек шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ