Өлкө калкынын 80%ын түзгөн мусалмандар жамаатынын башкы кеңсеси – муфтиятта да азыр абал тынч эмес. Молдокелер саясатчылардан айырмаланып, пикет, митинг уюштуруп, көчөгө кыйкырып чыгышпаган менен тирешуүлөр катуу эле жүрүүдө. Анткени жакынкы күндөрү муфтий жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү шайланууга тийиш. 24-февралда муфтийликке арыздарды кабыл алуу токтоду. Акыркы маалыматтар боюнча, бир гана талапкер документин өткөргөндүгү айтылган. Эмнегедир ал ким экендиги жашыруун бойдон калууда. Болду-болбоду учурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайрадан өз ордунда калууга катуу аракет кылып жаткандыгы сөз болууда. Ага чейин Аалымдар кеңеши шайланып, мына ушул аалымдар муфтийдин тагдырын чечишмекчи. Бирок бул арада айрым дин чөйрөсүнөн алыс эле укук коргоочу, адвокаттар маалымат жыйынын өткөрүп, Максатбек ажынын дипломунан кынтык издешүүдө. Талапка ылайык, муфтийдин светтик жана диндик эки жогору диплому болуш керек. Атаандаштар муфтийдин Пакистандан алган дипломунан шек санашууда. Аны мурда Дин комиссиясын жетектеген бир чекист 2005-жылы эле тактап, эмнегедир катып жатыптыр жана “керектүү учурда” коомчулукка жарыялоодо. Андыктан президенттин буйругу менен иштен алынган ошол адам менен муфтийдин ортосун кандай кара мышык аралагандыгы кызык болууда.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ