Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Санариптешүү – бул заманбап дүйнөнүн кеңири жолу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптешүү маселесине өзгөчө маани берет. Бул мезгилдин гана талабы эмес. Санариптешүү – бул заманбап дүйнөнүн кеңири жолу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында интернет түйүнүнө туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 25 миң чакырым оптоволокондук линия тартылды. Муну менен 2106 мектеп, күч түзүмдөрүнүн 407 объектиси, сотторго тийиштүү 115 мекеме, саламаттык сактоо тармагынын 394 объектиси жана 207 айыл өкмөт интернетке кошулду.

«Муну менен катар калктын мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгү жакшырды. Учурда 110 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматта жеткиликтүү болууда. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 189га жетет. 63 мамлекеттик органды, 23 коммерциялык уюмду жана 77 маалымат базасын «Түндүк» системасына кошууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Булар уюмдар ортосундагы документ алмашууну кыйла жеңилдетүүгө жана зарыл болгон маалыматтар менен ыкчам камсыз кылууга шарт түзөт», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнү санариптештирүүнүн маанилүү компоненти катары  «Коопсуз шаар»  долбоорун атады.

«Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу аяктады. Жыйынтыгында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө жана кылшмыштардын бетин ыкчам ачууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул системаны ишке киргизүүнүн негизги максаты: жолдордогу аварияларды азайтуу. Коюлган максатыбызга жетип жатканыбызга барыңыздар күбө болуп жатасыздар. Эң башкысы жолдо жүрүүнүн маданияты калыптанууда, бул жолдордогу тартипти камсыз кылууда маанилүү фактор болуп саналат», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: