Азыркы учурда өлкөдө бет каптар жана коргонуучу каражаттар чыгарылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Коронавирус илдети менен 197 өлкө жабыркап жатат, биздин өлкөдө 44 учур катталса, ал эми бир күндө 300 учур катталган өлкөлөр бар. Ар бир өлкө бет капка муктаж болуп отурат. Бет кап, коргонуучу каражаттарды чыгарган мамлекеттер менен границалар жабылып калды. Ошого карабастан өлкөдө атайын бет каптар чыгарылып жатат. Эң биринчи медицина кызматкерлерин бет каптар жана коргонуучу каражаттар менен камсыздоо аракетин көрүп жатабыз”,- деди Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ