Menu

ИИМ: Чет өлкөлүк жаранды сабаган шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ички иштер министрине Нигериянын
жаранын ур-токмокко алган күнөлүүлөрдү табууну, андан сырткары коомдук жайларда коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо үчүн бардык бөлүмдөрдүн, анын ичинде туристтик милициянын ишин күчөтүүнү тапшырды. Аталган факты ички иштер министринин көзөмөлүндө болуп, кылмыштын бетин ачуу үчүн зарыл болгон тиешелүү чаралар көрүлдү.

2019-жылдын 2-июль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек ШИИББдин “102” кызматына Республикалык Улуттук госпиталдан билдирүү келип түшүп, анда аларга чет өлкөлүк жаран денесинен оор жаракат алып түшкөндүгү, андан сырткары “Айчүрөк” Борбордук универсалдык магазиндин жанынан “102” номуру боюнча жарандардан азият түспөлүндөгү белгисиз адам Нигериянын тургуну 1985-жылы туулган Т.А. аттууну сабап салгандыгы тууралуу билдиришкен. Азыркы учурда жабырлануучу Республикалык Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан
Кыргыз Республикасынын 138-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну кармалды.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: