Menu

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров: “Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өлкө башчынын коррупция менен болгон күрөшүнө жардам беришибиз керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы кезектеги курултай өтүп жатат.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө баа берген баяндамасын окуп, “Атамбаевдин убагында саясий туткунга кабылгандардын иши кайра каралышы керек” деген оюн айтты.

“Сооронбай Жээнбеков коррупцияга малынган өлкөнүн президенти болду. Ал 2010-жылдагы төңкөрүштүн жардамы менен бийликке келген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен президенттикке келди. Бирок, бир жылдык ишмердүүлүгүндө бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө жетишти. Кыргыз элинин маданиятына жана салт-санаасына жараша, С. Жээнбеков чыныгы президент боло турган жолду тандап алды. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн, эркиндигибиз жана эгемендүүлүгүбүз үчүн өлкө башчыга коррупция менен болгон күрөшүүсүнө жардам беришибиз керек”, – деди А. Бекназаров.

Мындан тышкары, коомдук ишмер Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин айтып, ар бир улут Кыргызстанды өз мекениндей көрүшү үчүн шарт түзүү зарыл экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, курултайды президенттин атынан куттуктоо үчүн КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев келип, президенттин куттуктоосун окуп берди.

Курултайга жалпысынан 600дөн ашуун делегат катышууда, Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер: Кеңешбек Дүйшөбаев, Эркин Бөлөкбаев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: