Menu

КСДПда партиялык билеттер алмаштырылат

Бөлүшүү:

КСДП мүчөлөрүнүн партиялык билеттери ал­маштырылат, башкача айтканда, эски үлгүдөгү билеттер жокко чыгарылып, жаңысы берилет. Бул туурасында Социал-демократтар партиясы­нын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. «Бул партияны тазалоого багытталган мыйзам че­немдүү көрүнүш. Жакында партиялык билеттерди алмаштыруу башталып, мөөнөтү бир нече айга созу­лат. Ал аралыкта партиянын мүчөлөрүнө ойлонууга жетишерлик убакыт берилет. Партиядан байланышты үзүп койгон депутаттар жакшылап ойлонуп келе алат», – деди К.Жолдубаева.

Ошондой эле, КСДП лидери Алмазбек Атамбаев башында тур­ган атайын жумушчу топ партиянын стратегиясын жана өлкөнү өнүк­түрүү боюнча программалык документин иштеп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, 2019-жылдын 6-апрелинде өтө турган курултайды уюштуруу комитети да түзүлгөн.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: