Menu

Нарын шаарындагы борбордук “Чолпон”, “Он-Арча” жана “Нави” базарларында өрттүк тактикалык машыгуулар өткөрүлдү

Бөлүшүү:

2018-жылдын 08-февраль күнү КРнын ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Нарын шаарындагы борбордук «Чолпон», «Он-Арча» жана «Нави» базарларында өрттүк тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун максаты базарлардагы жана соода түйүндөрүндө өрт кырсыгы болгон мезгилде өрт өчүрүү тактикаларын үйрөтүү жана өрт кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Машыгуунун планы боюнча, 2018-жылдын 08-февраль күнү саат 12:10 чамасында борбордук байланыш түйүнүнө базарда өрт чыккандыгытууралуу маалымат түштүКР ӨКМнин Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  №16 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнөн 1 даана өрт өчүрүүчү унаасы менен куткаруучу топ (5 кызматкер) саат 12:16да кырсык болгон жерге жетип, саат 12:20да өрт курчоого алынып (локализация), саат 13:00дө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Машыгуунун жүрүшүндө, өрт өчүрүүчүлөр «Чолпон» борбордук базарынын мандайындагы өрт өчүрүүчү гидранттан суу алуу үчүн барышканда, гидранттын үстүнө унаа токтоп турганына күбө болушкан. Аныкталган кемчилик боюнча «Чолпон» базарынын ээсине жана унааларды токтотуучу жайдын ээсине түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү.

 Ошондой эле, базардагы сатуучуларга өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: