2019-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Япониянын Соода өнөр-жай палатасынын башкаруучу директору Такаши Кугаи мырза менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар соода өнөр-жай палаталар аралык эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашып, соода жана инвестициялар жаатындагы алакаларды мындан ары тереӊдетүүнүн перспективалары жөнүндө пикир алмашышты.
Жолугушуунун соӊунда, Кыргыз Республикасынын экономикалык дареметин Японияга таанытууга багытталган иш-чараларды биргелешип өткөрүү макулдашылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ