Бишкекте адвокат Бактыбек Жумашевди “балаңызмын” деп алдап, 200$ алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу адвокат өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бүгүн, 18-январь күнү жазып чыккан.
Анын айтымында, белгисиз номер менен бир жигит чалып, анын баласы экенин айтып, “ата, киши сүзүп кеттим, тез арада акча керек, терминал аркылуу салып жибериңиз” деп суранган.
“Чалган жигиттин үнү менин баламдын үнүнө окшош экен. Бирок мен тааныбай калчудай эмес” – деп жазган адвокат.
Бактыбек Жумашев ал жигит алдамчы экенин дароо эле түшүнүп, акчаны бергенге макул болот. Чалган жигит өзүнүн атынан адам жиберерин айткан.
“Алгач 30 000 сом сурады. Бирок көп суммадагы акчаны сурап алганын билип, алдамчы аны 200 долларга түшүрдү. Ал акчаны табыш үчүн бир саат керектигин айтып, трубканы коюп койдум” – деп кошумчалады.
Адвокат 102 номерине чалып, кырдаалды түшүндүрүп, алдамчыны жеринен кармаш керектигин түшүндүргөн. Көп өтпөй эле Биринчи май райондук милициянын ыкчам тобу байланышка чыккан.
“Биз жолуктук. Мен аларга даяр арызымды бердим” – дейт адвокат.
Жолугушаар замат алдамчынын атынан келген жигит чалып, акчага келгенин айткан. Ал акчаны алар замат ыкчам топ аны жеринен кармаган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
https://www.facebook.com/forsmajor/videos/2845572562152974/
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ