Menu

Алмаз Атамбаев: “Менин жансакчым Эркин Мамбеталиев 2003-жылы Атамбаевди өлтүргүсү келген Рыспек Акматбаевдин тобуна кошулуп кетип калган”

Бөлүшүү:

“Эркин Мамбеталиев 2003-жылга чейин менин жансакчым болчу. андан бери 14 жыл өттү. Ал убактан бери канча жансакчы алмашты, бирок көпчүлүк дагы эле Мамбеталдиев менен Атамбаевди байланыштыргысы келип жатат”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Эркин Мамбеталиевден кийин менде көп башка жансакчылар болду. Эгер Мамбеталиев Атамбаев менен болгондо, анда ал азыр башка болмок. Бирок ал Атамбаевди өлтүргүсү келген Рысбек Акматбаевдин тобуна кошулуп кетип калган, Рыспектин оң колу болуп жүргөн, бирок эмнегедир мунун баарын бат эле унутуп коёсуңар да”, – деди ал.

“Мен, мени Мамбеталиевдин окуясы менен каралоого аракет кылгандарга оюңардан кайткыла деп чакыруу жасайт элем. Айтып коюшат эмеспи, “танка баткактан коркпойт”. Мен, мени каралоону аракет кылгандарды аябайм”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: