Menu

Маманов абакта эс алат

Бөлүшүү:

Алдамчылык, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу сыяктуу кылмыш иштерине шектелип камалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рустам Мамановдун СИЗОдо отурганына эки айдын жүзү болду. Тергөө иштери качан аягына чыгаары белгисиз. Бул кыңыр иштин тамыры тереңде экени, мындан улам тергөө создугуп жатканы айтылууда. Анткени бул иштин учугу барып президенттик аппараттын сот, укуктук иштерин тейлеген, коомчулуктагы нааразычылыктан улам ишинен бошотулган айтылуу Манас Арабаев менен экс-президенттин кеңешчиси Икрам Илмияновго такалаары кеп болуп жатат. Манас мырзанын иши иликтенип баштаганын эске алганда, кезек Икрамга да жетиши ыктымал. Демек, Рустам Маманов жакын арада эркиндикке чыгышы күмөн. Абактын жытын далай жыл искей турган өндөнүп калды…

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: