Menu

Мелис Турганбаевдин «кыз зордуктаганын» даңазалаган Максат Абдыгулов менен Айбек Абдразаков

Бөлүшүү:

Ак көйнөк, кыкынган галстук, костюм-шым… Же айымдарыбыздын маскачан жүзү… Дискомфорт… Булар зыңгырап жүрүшсө эле чийимдерден чыгышпагандай, пакиза адамдардай көрүнүшөт эмеспи. Жипке тизилген шурулардай элестейт эй. Тилекке каршы, чоң инсандардын да оомал-төкмөл жашоосу болорун унутпайлы. Биз айрым эски күндөрдөгү «жиндиликтерди» дейбизби, жаза тайган жармач ирмемдерби, айтор, ар кандай сейрек көрүнүштөрдү эске салмакчыбыз. Балким, суроолуу жылмаябыз. Бул турмуш да…

Бакиевдин доорунда Мелис Турганбаев чалчаңдап, эбегейсиз көпкөнүн билесиңерби? ИИМдин орун басары сыяктуу бир катар жетекчилик кызматтарды багындырган. Мындай жүрүшү көпкө узабай, торго чалынып атпайбы. Болгондо да кол алдында иштеген оперлери чагым жасашып… Дерзкий Турганбаев тоодо эс алып атканда, албетте, кымбат арактардан ченебей ичип, катуу кызып калганда эки кыз провокация уюштурушат. Ал жерде эч кандай зордуктоо болгон эмес. Себеби, Меке моделдерди имерип жүргөн да, анча-мынча кыздарды карабасы бештен белгилүү. Анан ошолор тоо койнундагы жерден Турганбаевге тийишип калышканда таяк жешкени ыраспы? Сценарий менен уюштурулган иш оңунан чыгып, кылмыш иши козголуп, коомчулукка сенсация жаралат. Андагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин астына генералыбыз суранып барганда, «Жаныш чечет, өзүң тил табышып ал» дейт. Ишти жаап, бүтүрүүгө келгенде МЕНТтер Максат Абдыгулов менен Айбек Абдразаков кайрадан козутушуп, прессага чейин жайылтып, алдын ала ор казышат. Кырдаал курчуп баратканда генерал Өмүрбек Суваналиев ачууланып Жанышка чалып, Мекени түрмөгө камалып кетүүсүнөн сактап калат. Оомал-төкмөл дүнүйө экен, эми ушул адамдар деле жашап жүрүшөт. Бири-биринин бетин кантип карашат ыя?..

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: