Бүгүн, 27-декабрда “Орел и решка” аттуу популярдуу долбоордун алып баруучулары Анастасия Ивлеева жана Евсей Ковалев проектин жабыларын кабарлашты. Бул тууралуу алар долбоордун Инстаграм социалдык тармагындагы расмий баракчасына жазып чыгышты.
“Бир күнү болбосо бир күнү бул долбоор соңуна чыкмак. Эки жыл ичинде үч каарман, 15 382 километр жол жүрүп, 80 кызыктуу окуяны баштан өткөрдү. Бул эң күчтүү сезимдер болчу! Биз менен болгондордун бардыгына ыраазычылык”, – деген алар.
Эскерте кетсек, “Орел и решка” долбоору 2017-жылы ачылып, анын алгачкы алып баруучулары Анастасия Ивлеева жана Антон Птушкин болгон. Кийинчерээк Антон Птушкиндин ордуна Евсей Ковалев келген. Айта кетсек, бул долбоордун алкагында 2017-жылдын жай айларында да алып баруучулар Кыргызстандын бир катар кооз жерлеринде саякатташкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ