Menu

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын ар бир районуна түнкү стационарларды ачууну пландаштырууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык мэриясы шаардын ар бир районунда түнкү стационарларды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, түнкү стационарларды ачуу иштери мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө. Азыр 7-кичи райондогу (97 орун) “ДСК” спорт комплексинин базасында санитардык бөлүктөр даярдалып жатат, “Консул” ресторанынын ээлери дагы имаратты акысыз беришкен.

Алардын айтымы боюнча, керебеттер даярдалып, тамчылармалар үчүн штативдер жасалып, медициналык кызматкерлер тартылып, дарыгерлердин коопсуз иштеши үчүн шарттар түзүлүп жатат.

Мындан тышкары, күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Саат 8:00дөн 20:00гө чейин жарандар медициналык консультацияларды, тамчылатмаларды ж.б. ала алышат.

Стационарлар ишке киргенден бери 9 күн өттү. Бул күндөр аралыгында 23 819 жаран медициналык жардамга кайрылып, алардын ичинен 17 890 тамчылатма жана ийне сайдырган, 5781 адам медициналык консультация алышты, 139 адам ооруканага жаткырылды. 9 жаран көз жумду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: