Menu

Казакстан: сууктан улам мектептерде сабактар токтоп, жолдор жабылууда

Бөлүшүү:

Катуу суукка байланыштуу Казакстандын, Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде сабактар токтотулду.

Мындан тышкары 8-февралда Астанада коллеждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди.

Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл токтоду. «Казахавтодор» ишканасынын маалыматына караганда, Павлодар облусундагы жана Астанадан чыгуучу жолдордун баары жабылды. Чыгыш-Казакстан, Акмоло жана Түндүк Казакстан облустарында коомдук жана дизель менен жүргөн автоунаалар үчүн кыймыл чектелди.

Ушул жуманын башында Казгидромет чукул билдирүү таратып, өлкөнүн 10 облусунда катуу суук болуп, температура минус 45 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: