6-сентябрь күнү саат 22.40 чамасында, Жалал-Абад ш. Ленин көчөсүндө “Хонда Фит” үлгүсундөгү автоунаа уруп кетип, окуя болгон жерден токтобостон изин жашырып качып кеткен. Бул туралуу Жалал-Абад облусунун ИИБ пресс-кызматы билдирди.
Жабырлануучу Хонда Фиттин номерин эстеп калып дароо 102ге билдирген жана жеңил жаракат алып Жалал-Абад облустук ооруканага кайрылып медициналык жардам алган. Натыйжада кылмыш изин суутпай Патрулдук милиция тарабынан, изин жашырып качып кеткен Сузак районунун Барпы айылынын тургуну 1996-жылы туулган М.О. кармалган жана автоунаасы айып короосуна киргизилди. Административдик протокол толтурулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ