Menu

Атамбаев Нарын облусунун Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы мектептин ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-сентябрда,  Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында  Кочкор районундагы   Чекилдек айылында  К.Темиров атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев  мамлекеттин өнүгүшүнө  жана  гүлдөп өсүшүнө билим негиз болоорун белгиледи.

“Биздин келечегибиз – билимдүү кыргызстандыктар. Ошондуктан  билим берүү тармагы артыкчылыктуу каржыланат.  Бюджеттин 24 пайызынан ашыгы   билим берүүгө жумшалат. Башка өлкөлөрдө бул тармак 3-4 гана пайыз каржыланат. Биз билимди баарынан бийик коюшубуз керек, анткени бизде нефти жана газ  жок. Биздин келечегибиз – балдарыбыз”, -деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанда акыркы алты жылдын аралыгында ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашырып, көп жылдар бою чечилбей келген проблемаларды чече алдык деп баса белгиледи.

“Элдин колдоосу жана ишеними менен өлкөнүн турмушундагы олуттуу кайра курууларды ишке ашыра алдык. Азыр  калкыбыз  электрибиз же газ өчүп калат экен  деп коркпой калган. Мамлекетти башкарууга эч булганбаган  жана абийири таптаза жаш саясатчылар келишти. Жакынкы аралыкта алар реалдуу реформаларды ишке ашырат деп ишенем”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жаңы мектептин имаратындагы окуу кабинеттерин, спортзалды кыдырып чыгып, ноутбук жана проектор сатып алууга белек катары сертификат тапшырды.

Маалымдама:  Нарын облусундагы Кочкор районунун Чекилдек айлындагы К.Темиров атындагы мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун наркы 51 млн.сом.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: