Нарын шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 70% га аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун кеңешчиси Богачиев Бейшеналы билдиргенин бүгүн, 16-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Учурда куруучулар сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүп жатышат, андан кийин ички жасалгалоо иштерин баштайбыз. Курулушта 70ке жакын куруучу иштеп жатат, аба ырайына байланыштуу графиктен кечигип калдык. 10-ноябрга чейин объектини пайдаланууга беребиз деп ишенебиз”, – деди Мамкурулуштун өкүлү.
Ошондой эле, Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбаев “Жаңы ооруканага медициналык жабдуулар жарым-жартылай жеткирилүүдө, бардыгы кампада сакталып турат”, – деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ