Бийликтин ыплас жүрүштөрүнө каршы чыккан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “батасы” менен өкмөт курамында иштеп жатышкан кадрларга “аңчылык” башталды. Жума башында юстиция министринин орун басары, Текебаевдин жаш, “көчөт кадры” Айбермет Кутуеваны өкмөт башчы кызматынан алса, муну менен токтобой өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Марат Таировду шыпырып тынышты. Президенттик аппараттын мындай “бутасына” жакынкы күндөрү социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев алынары каңкууланууда. Соңку үч жарым жылдан бери кызматын көркүнө чыгара аткарып, мүмкүнчүлүгү чектелген миңдеген жарандардын батасына арзып келген Кудайберген Базарбаевди тар кызыкчылык менен кызматтан шыпырыш азыркы бийлик үчүн утулуш гана болот го? Профессионал, күчтүү кадрларды кыргызга кымбат курагында күчүн алып калбай, тар кызыкчылык менен бут тосконубуз калбайт экен да. Анан кантип жыргамак элек?
Ийгилик Болсунбаев
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ