Menu

Жогорку Кеӊеште өлкө аймагындагы табигый кырсыктардын кесепетин жоюу чаралары боюнча маалыматы угулууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 4-майда өтүп жаткан кезектеги жыйынында Өкмөттүн өлкө аймагындагы табигый кырсыктардын кесепетин жоюу чаралары, анын ичинде Ош областынын Өзгөн районундагы Аюу айылында болгон жер көчкүсү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамдекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү катышууда. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков быйыл жыл башынан тарта кар көчкү, жер көчкү, сел сындуу табигый кырсыктар кескин күчөгөнүн баса белгиледи. «Мисалы, өткөн 26 жылда 518 жер көчкү катталса, 2017-жылдын 4 айында эле ушундай 134 кырсык болуп, 34 адам каза тапты, 266 млн сом өлчөмүндө зыянга учуратты», – деп, ал 29-апрелде Өзгөн районундагы Аюу айылындагы жер көчкүдөн 11 үй кыйрап, 24 адам каза болгонун, ушу тапта 8 адамдын сөөгү табылганын кошумчалады.

Андан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2003-жылдан бери Аюу айылынын 11 үй-бүлөсүнө жер көчкү болору тууралуу үч жолу эскерткени, көчүрүлө турган айрым адамдарга ссудалык каражат жана турак жай курууга жер участкасы бөлүнүп берилгени, бирок алар көчпөй койгону белгилүү болду. «Коркунучтуу аймактарда жайгашкан бир катар айылдардын, анын ичинде Аюу айылынын тургундарына кийин да эскертилип, айрым адамдарды күчтөп көчүрө албай койдук», – дейт вице-премьер-министр.

Андан сырткары, өкмөт мүчөлөрү ушу тапта табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, жол менен суу нугун ачуу, кырсыктардын алдыналуу чаралары көрүлүп жатканын айтышты. Турак жайынан ажыраган жарандарга чатырлар тигилип, азык-түлүк, жууркан-төшөк, кийим-кече, дары-дармек менен камсыз кылынууда. 7 үй-бүлөгө Президент, Жогорку Кеӊеш, Өкмөт тарабынан жардам берилди. Андан сырткары, өлкө аймагындагы жарандардан да жардамдар келип түшүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: