“Мен ар дайым Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш өлкөгө айландырууну, менин Мекенимде бизнес жасагысы келгендер үчүн бардык шарттар болсо деп кыялданчумун. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн кичи, орто жана чоң бизнес гүлдөп-өнүгүшү керек. Карапайым адамдар бай болсо, өлкөдө бизнес өнүксө, бизнес жакшы жашаса, бүт өлкө жакшы жашайт. Декабрь айында өтө турган референдумдан соң кичи, орто, чоң бизнес, инвесторлор Кыргызстанда өздөрүн сууда сүзгөн балыктай сезип калышат. Анткени бизнести салык инспекциясы гана текшерип калат”, – деп билдирди бүгүн, 26-октябрда Алмаз Атамбаев ага Ишеним грамотасын тапшыруу үчүн келген 9 өлкөнүн элчилерин кабыл алуу учурунда.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ