“Семетей” ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90%га аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 23-октябрына карата “Семетей” ооруканасында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 90% аяктаган.
Блоктордун бирин 50 орундуу реанимация бөлүмүнө ылайыкташтыруу ишке ашырылган.
Ошондой эле, дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, блокторго электр зымдарын орнотуу, блокторго флакондорду орнотуу, жандандыруу блогунун кире беришине тамбур орнотуу жана блоктордун дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлорун сатып алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ