Menu

Видео – Расул Умбеталиев: “Чечен криминалдары Атамбаевдин Түркиядагы баласын уурдап кетип, Батукаевге алмашкан деген версия бар”

Бөлүшүү:

“2013-жылы январда Москвада Россиянын кримтөбөлү “Дед Хасан” – Аслан Усоянды киллерлер атып кетишкен. Ошондо Москвадагы кавказдык криминалдык топтор Усояндын ордуна Кыргызстандагы “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди алып келип олтургузабыз деп чечишкен”, – деп билдирди бүгүн, 12-июнда коомдук ишмер Расул Умбеталиев.
“Ал кезде, 2013-жылы Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаевдин бир уулу Түркияда окуп-иштеп, атасынын ал жердеги бизнесине көз салып жүрчү. Россиядагы чечен криминалдык топтору план түзүп, Атамбаевдин Түркиядагы баласын уурдап кетип, барымтада кармап, Азиз Батукаевди бошотуп берүүнү талап кылган деген версия бар. “Эгер Батукаев колубузга тирүү тийсе, силер балаңарды тирүү аласыңар” деп шарт коюшкан. Ошондуктан Батукаев сот тарабынан 1 күндө бошотулуп, аэропорттун кызыл килемдүү ВИП залы аркылуу самолет менен узатылган. Мыйзам боюнча сот чечими чыккандан кийин 10 күн өткөрүп гана абактан бошотулуш керек болчу. Бирок чечендер Азиз Батукаевди Москвага алып барышканы менен грузин жана азербайжан криминалдык топтору ага каршы чыгып, лидерликке өтпөй калган. Атамбаевдин баласы аман-эсен Кыргызстанга кайтып келген. Милиция бул версияны дыкат текшериш керек”, – деди Расул Умбеталиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: