Menu

Өзбекстан колледждеринде атылбас куралдарды алып жүрүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Эки курсташына бычак менен кол салган Ташкент юридикалык колледжинин студенти кармалгандан кийин Өзбекстандын бардык кесиптик орто окуу жайларында атылбас куралдарды алып жүрүүчүлөрдү текшерүү иштери башталды. Колледждердин жетекчилери текшерүү күнүгө бир сааттык убактыларын алып жатканын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлигинин атылбас куралдарды алып жүрүүгө тыюу салуу боюнча көрсөтмөсү бар.

Ташкенттеги колледждердин биринин мугалиминин айтымында, текшерүү күнүгө саат 7ден 8ге чейин жүргүзүлүүдө. “Учурда абал жакшырып калды. Эки күн ичинде студенттерден бычактарды, кастеттерди жана бир дубинка алдык, смартфондорунда болсо порногорафиялык жана согуш учурлары чагылдырылган видеожазуулар табылды”,- деди ал.

Бул арада Өзбекстанда мындан ары “Алтын бычак” сынагын өткөрүүгө тыюу салынды.

Өзбекстанда соңку жылдары студенттердин бычак алып жүрүүсү кадыресе көрүнүшкө айланган. Быйыл эле өлкө колледждеринде бир нече киши өлтүрүү фактысы катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: