Menu

Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт

Бөлүшүү:

“Эт эмес же чел эмес” акчанын күчү менен бийлик сересинин бийик секисине чыгып алышкан чиновниктер иттин кара капталынан көп экени тангыс чындык. Ошол көптүн бири болгондордун көч башында “тажик агенти” атка конгон илең-салаң иштеген вице-премьер министр Жеңиш Разаков деген бар. Мына ушул арабөк аткаминердин дымагы укмуш. Колунан кокон тыйын келбегенине карабай, ишке жолдун баарын жаптырып салып, МАИнин коштоосунда шаңдуу келет. Анысы аз келгенсип, “жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт” болуп, иш менен келгендерди кабылдамасына зарыктырып 2-3 саат күттүрүп коюп, ар ким менен чай ичип отура берип, анан “Эртең келгиле бошобой жатам кабыл ала албайм” – деген адаты бар экен. Ушундай деңгээли “төмөн”, амбициясы асманды чапчыгандар эл башкарып жатса анан кантип оңолмок элек? Мындайларды бригадир кылып шайлаштын өзү кооптуу. Ал түгүл сугатчы кылсаң да, кетменди оңдуу чаба албайт. Шордуу эл экенбиз да, “маңкасын” тарта албагандарды эл бийлетип…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: