Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айтты. Ал 7-8- август күндөрүндөгү ызы-чууда жалпысынан 79 милиция кызматкери таш бараңга алынып, учурда эки милиция кызматкери оор ахыбалда экенин билдирди. Бирок кашаң министр Кашкар мырза, ошол эле учурда эки күндүк ызы-чууда миңдеген милиция кызматкерлери жүздөгөн адамдарды, анын ичинде аялдарды да аёосуз сабаганын ачык айтканга жарабады. Бийлик өкүлдөрү болгон милиция кызматкерлери куралсыз карапайым элди каалашынча канжалатып сабай берсе болобу? Аларга мындай укукту ким берди эле. Же Жунушалиев өзү берди беле? Сабоо жеп, канжалап жаткандар өзүн коргоо үчүн деле милицияны таш бараңга алууга аргасыз болот да. Ооба, элдин арасында агрессивдүүлөр да болду. Бир тараптуу болбой, баарыбыз тең ал жагын да эске алалы. Бирок элге караганда куралчан милиция кызматкерлери тышкы душман менен күрөшүп жаткансып, зордук-зомбулукка басым жасагандары бадырайып көрүнүп турат. Бул көрүнүштөрдөн баары акыры Жунушалиевди жумуштан алдырып, бийликтин биртке кадыр-баркын биротоло төгө турган маселе болуп калды.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ