Menu

HRW Душанбени оппозициячыларды куугунтуктоону токтотууга үндөөдө

Бөлүшүү:

Европа кеңешинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү ЕБ жана Тажикстан диалогуна катышат.

Брюсселден маалымдашкандай, диалогдун кезектеги айлампасы 12-октябрда Душанбеде өтөт. Күн мурун эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму ЕБны Тажикстан бийлигин оппозициянын тарапташтарын куугунтуктоону токтотууга чакырууга үндөгөн.

HRW уюмунун Борбор Азия боюнча директору Стив Свердлов 10-октябрда белгилегендей, Брюссель менен Душанбе ортосунда былтыр жайында өткөн диалог Тажикстанда адам укуктары жаатындагы абал өлкө тарыхындагы эң начар учурга туш келген маалда өткөн.

Ал бул иш чарага бир апта калганда Жогорку сот Тажикстан кайра жаралуу партиясынын төрагасынын эки орун басарын өмүр бою эркинен ажыратканын эске салган. Диний уюмдун башка мүчөлөрү дагы узак мөөнөттөргө соттолушкан.

Стив Свердлов ЕБга жолдогон кайрылуусунда абактагы тажик адвокаттары Шухрат Кудратов, Бузургмехр Ёрова жана Нуриддин Махкамовдун тагдырына кабатыр болуп жатканын билдирген. HRW кабарлагандай, тажик бийлигинин басымынан улам көптөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: