Menu

Тажикстанда кургак учукка каршы күрөшкө дин адамдары тартылууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги USAID уюму жана өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети менен биргеликте кургак учукка каршы күрөшүү жана ал оору тууралуу калкка маалымат берүү иштерине дин адамдарын тарта баштады.

Кургак учукка каршы күрөшүү өнөктүгүнө катышып жаткан имам Каримжон Розиков апта сайын жума намазынан кийин он беш мүнөт ушул темада талкуу өткөрүп турат.

Анын жыйынтыгында мечитке келген адамдардын 80 пайызы текшерүүдөн өтүп, алардын бир нечеси Коха таякчаларын жуктурганы аныкталган. Каримжон имамдык кылган мечитке туруктуу түрдө 500дөн ашык киши келип турат.

«Мен Орусиядан кайтып келгендерге өз коопсуздугу үчүн текшерүүдөн өтүп коюуну сунуштайм. Адамдын оорусу бар экени аныкталса ал өз маалында дарыланууну баштай алат. Ошентип ал өзү дагы, анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы коркунуч алдында болбойт», – дейт ал.

2015-жылдан бери USAID өлкөнүн кургак учук көп катталган 27 шаар жана райондорунда 143 коомдук саламаттыкты сактоо комитеттерин түзгөн. Учурда анын 800дөн ашык мүчөсү бар. Бул жолку беш жылдык долбоорго уюм 13,3 миллион доллар бөлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: