Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында балдарды лазер аркылуу массалык сүннөткө отургузуу иш чарасы өттү. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын ачылышына Кызыл-Кыя шаарынын баш имамы Кожониязов Мукадас ажы жана имамдар катышышты. Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург үзгүлтүксүз иштеп, жалпысы болуп 200дөн ашуун бала сүннөткө отургузулду.
Эскерте кетсек сүннөткө отургузууда гигиеналык жана коопсуздук эрежелери сакталып, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен оорусуз жасалууда. Ошондой эле мындай иш-чара буга чейин Исфана жана Баткен шаарларында да өткөрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ