Menu

Жалал-Абадда Аялдардын Эл аралык тилектештигинин майрамы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-мартта өкүлчүлүктүн чоң жыйындар залында 8-март—Аялдардын Эл аралык тилектештигинин майрамы салтанаттуу маанайда белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык салтанаттуу жыйынга областтын аймагындагы бардык район-шаарлардан ар түрдүү кесиптердин алдыңкы асылзаада айымдарынын өкүлдөрү  катышты. Майрамдык салтанаттуу жыйынды өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

– Областыбыздын бардык асылзаада айымдарын алдыбызда утурлап келе жаткан 8-март Аялдардын Эл аралык тилектештиги жана жаз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Аял үчүн бейпил тынч заманда балдарын татыктуу тарбиялап өстүрүүдөн артык бакыт жок. Алдыбызда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жакындап келе жатат. Мен ойлоймун, бул шайлоолорго аялдар дагы активдүү катышат деп. Сириядагы жагдай дагы аялзатын кайдыгер калтырбайт жана бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтөсүздөр деп терең ишенемин,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева ар кыл кесиптерде эмгектенишкен областыбыздын бардык аймактарынан келишкен бир катар асылзат  аялдарды Ардак Грамоталар менен сыйлады.

Асылзат айымдарды эмгек ардагери, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, Токтогул районунун тургуну Чилдебай Орозов, Баатыр Эне, Аксы районунун тургуну Ирсалат Аманбаева, областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана бир катар инсандар куттуктоолорун айтышты.

 

  Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: