Жогорку Кеӊеште оӊ рулдуу автомашиналарды колдонуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган «Автомобиль транспорту жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам кабыл алынды.
Белгилей кетсек, мурда күчүнө кирген мыйзам жоболоруна ылайык, ага 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган. Жогорку Кеӊештин депутаттары Иса Өмүркулов менен Алтынбек Жунус улуу оӊ рулдуу автомашиналарды жүргүнчүлөр менен коммерциялык жүктөрдү ташууга тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына чейин узартуу демилгесин көтөргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ