Талас — Тараз унаа жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун долбоорду ратификациялоо жөнүндө кол койгон мыйзамында жазылган.
Ал мыйзамда жаңы көпүрө курууга Япония мамлекети каражат (16 миллион 392 миң долларлык грант) бөлөөрү жазылган.
Эске сала кетсек, былтыр, 17-июлда биздин өкмөт менен Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан гранттык макулдашуу түзгөн. Ал мыйзам долбоору 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ