Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бюджеттен жана чет өлкөлүк карыздан алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн жол куруу жана оңдоо иштери жөнүндө маалымат угулду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин берген маалыматына караганда, быйыл Алматы менен Ысык-Көл каттамын эки эсе кыскартуучу Чолпон-Ата – Алматы автожолунун курулушу баштала турганы белгилүү болду. Бул тууралуу казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жолдун курулушу быйыл башталса, 2017-жылы аяктоого тийиш. Анын курулушуна бюджеттен 1,5 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган.
Ошондой эле, быйыл Түп-Кеген жолуна асфальттын экинчи катары төшөлөт. Андан сырткары, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу 2015-жылдын декабрь айында башталып, азыр 180 млн сом көлөмүндөгү каражат өздөштүрүлдү.
Мындай чаралар өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө, ордо калаадагы жол каттамдарын автомашина агымдарынан жеӊилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ