Жогорку Кеңештин депутаты, 1-вице-премьер министр Аскарбек Шадиев эмнеге жоопко тартылбайт деген суроо коомдо кабыргасынан коюлууда. Анткени Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы кезинде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышына түздөн-түз жоопкер. Анткени Шадиев кол койгондон кийин акча жоголгон. Натыйжада былтыр сыйлык берилбей калган. Бул жагдай парламенттин аброюна көлөкө түшүрүп, мамлекет моралдык да, материалдык да зыян тартты. Бир гана Шадиевдин кылы кыйшайган жок. Мына Аида Салянова Елисеевдин лицензиясын узартканга кол коюп койгон делип соттолуп, мандатынан ажыратылганы турат. Шадиев болсо: «30 миң доллардын жоголгонуна абдан өкүнөм», – деп кейимиш болуп отурат. Бул адилеттикке жатпайт го. «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп», «билбей кол коюп алыптырмын» деп өкүнгөнүнүн кимге кереги бар? Шадиевдин логикасына таянсак, жеп-ичкендердин баары «билбей кол коюп алыптырмын» деп ак карга болуп, жоопкерчиликтен кутулуп кете берсе болот экен да…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ