Бүгүнкү күндө белгилүү актер, «Курманжан Датка» фильминде Алымбек Датканын ролун ойногон Азиз Мурадиллаевдин ден соолугу кескин начарлап, боордун гепатит С оорсунан жабыркап ооруканада жатат. Актерго тез арада операция жасоо зарыл. Мындан улам, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров парламенттик жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү чара көрүү боюнча тапшырма берип, төраганын фондунан жардамга каражат бөлүү маселесин көтөрдү. Ал эми КСДП депутаты Рыскелди Момбеков эл өкүлдөрүн бир күндүк айлык маяналарын актердун дарылануусуна которууга чакырды. Кырсык менен оору айтып келбейт демекчи, эгер кимде-кимдин жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо кол сунуп жардам берип, таланттуу актердун өмүрүн сактап калууга көмөктөш болууга чакырабыз.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ