Бишкек шаарында абанын тазалыгы боюнча бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнин Гидрометеорология агенттиги билдирүү таратты.
Кыргызгидрометтин Жаратылыштын кирдегенин байкоо башкармалыгынын башчысы Людмила Нышанбаеванын айтымында, Бишкекте 16-ноябрдан 19-ноябрга чейинки аба кир болгону менен белгиленген нормадан ашкан эмес. Бүгүн, 19-ноябрда, саат 8:00гө алынган маалымат боюнча да нормадан ашкан эмес.
Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бишкекти кара түтүн каптап, аба кирдеп жатканын коомчулук жазган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ