Ооба, өлкөдө коррупцияга карата сокку урулуп жатат. Айрымдарына урулган сокку дал бутага тийип жатса али айрымдары камырабай туру. Ошол эле маалда куйругунда калбыры калдырап, эбактан бери кулактын кужурун алып жаткандарга негедир текшерүү жүргүзүлбөй, алардын алешемдиктери менен ашмалтай иштери ачыкка чыкпай жатат. Атап айтсак, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын да өткөн иштери текшерилиши керек. Бул «шансы» көп Шаикова (билсеңер Шаикова мурда да жетекчи болгон) аталган тармакта «шайка» уюштуруп, айрыкча паспорт берүү системасында бизнес жасагандыгы тууралуу жакындан билгендер айтышууда. Шаикованын коррупциялык иштери оголе көп экендигин ММКлар таңдайлары катканча сайрап деле бүтүштү. Коомчулукта мынчалык маселе көтөрүлүп жаткан соң тиешелүү тармактар аркалуу иликтенип, укуктук баа берилиши керек.
Булак: De-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ