Menu

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү боюнча айрым мыйзам актыларынын өзгөртүүлөрү 1 – окууда жактырылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети   «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карады, – Жогорку Кенештин басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бул маселе боюнча   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев баяндама жасады.

“Маалымдалгандарга караганда, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды бир калыпта кармоо” жана “террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси” бирдиктүү терминдерин колдонуу үчүн “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Ал Кыргыз Республикасы БУУнун мүчө мамлекети болуп саналгандыгы менен негизделет. Ага ылайык, БУУ Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары КРда милдеттүү аткарылууга тийиш, – деп көрсөтүлүүдө.

Депутат Алмазбек Токторов, – “Эгерде кимдир бирөөлөр баалуу мүлкүн ири суммага сатып, бирок анын анык баасын көрсөтпөстөн, капиталды сыртка чыгарып кетсе ага кимдер көңүл бурат? Финансылык иликтөө иштерин ким жүргүзөт?”, – деген суроо менен баяндамачыга кайрылды.

Ал эми депутат Садык Шер – Нияз, – сыртта издөөдө жүрөт дегендердин чет мамлекеттердеги эсеп каражаттарын “тоңдуруп” койгон фактылардын бар – жоктугун тактады.

Талкуу соңунда «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, ал чечимдин көчүрмөсү Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетине жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: