Menu

1-майда Парижде башаламандыктар болду

Бөлүшүү:

1-майда Парижде француз кесиптик кошуундары президент Эммануэль Макрондун экономикалык реформаларына каршы акция уюштуруп, ал массалык башаламандыктарга айланды. Беткапчан 1200гө жакын экстремист полицияга таш жана «Молотов коктейлдерин» ыргытышты.

Эл аралык француз радиосунун маалыматына караганда, кесиптик кошуундар тобу Бастилия аянтынан Италия аянтына чейин жүрүш жасашы керек болчу. Бирок демонстранттардын кыймылы жүрүшкө кошулган «Кара блок» кыймылынын активисттери тарабынан үзгүлтүккө учуратылган. Солчул радикалдар жолдогу дүкөндөр менен банктардын айнектерин талкалашып, таштанды челектерди өрттөшкөн. Башаламандыктар маалында жол жээгинде жайгашкан «Макдоналдс» ресторанына бөтөлкөгө куюлган өрттөнө турчу суюктук ыргытылган.

«Кара блок» 2017-жылы жайында Гамбургда «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн лидерлери жолуккан күндөрү уюштурулган башаламандыктарга тиешеси бар экендиги менен белгилүү. Анда 70тен ашык полициячы жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: