Menu

Бабанов Чүйдүн кайсыл чүйгүнү менен куда болгону жатат?

Бөлүшүү:

Бир кезде өкмөт башы, Президенттике талапкер болуп, саясатга жакшы эле салмак таштап, бирок акыркы кезде айланасын каптаган кара булуттан улам саясаттан кетип, өзүнүн жеке иштери менен алек болуп жүргөн Өмүрбек Бабанов кызы Айперини турмушка узатаары тууралуу маалыматтар чыга баштады. Айрым маалымат булактарына жазылып белгилүү болгондой Өмүрбек Бабанов Чүйдүн мурдагы губернатору Азамат Кангелдиев менен кудалашат экен. Азамат Кангелдиев деле Бабановдон алыс кетпеген саясатчы катары белгилүү. Ал 2010-жылдары «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин дагы депутаты болгон. Мындан тышкары майлуу делген бажы жана эсептөө палатасында дагы иштеген. Кыскасы, Бабановдон кем калышпаган олигархтардан болбосо да, Чүйдөн чыккан чүйгүндөрдүн бири. Бабановдун кызы Айпери Лондондогу Cass Business School окуу жайында окуйт. Ал эми Азамат Кангелдиевдин уулу Санжар Кангелдиев болсо Лондондо жашап, LSЕ жогорку окуу жайында билим аларын белгилүү болду. Бул эки жаш Fасеbоок баракчаларында дагы бири бирине достукта турушат. Коомчулуктун кызуусунан кийин белгилүү болгондой, алар аталган социалдык баракчаларында биринин сүрөтүнө бири “жакты” деген белгилерди коюшкан. Айрым маалыматтарга караганда, үлпөт той Стамбул шаарында өтөөрү айтылууда.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: