Menu

Аскарбек Шадиевдин сотунда Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын мурунку кызматкери Курманбек Талантбек уулу суралды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда айтылуу Аскарбек Шадиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланып, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкери Курманбек Талантбек уулу суралды.

Анын айтымында, ал Аскарбек Шадиевди депутат катары эле тааныйт.

“Мен 5-сентябрда кызматка келдим. Аскарбек Шадиевдин жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң доллар каражат бөлүү тууралуу каты мага чейин жазылган экен. Мындан тышкары катта, каражат накталай болуусу талап кылыныптыр. Андан кийин 9 айлык отчет боюнча Жогорку Кеңештин бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун дебитордук карызы бар экени аныкталды. Жогорку Кеңешке отчет берүүгө даярдануу учурунда эл аралык бөлүмдөн Бакыт Асангулов менен жолуктум. Ал мага эч кандай сыйлык акы түшпөгөнүн билдирди. Кийинчерек парламенттер эл аралык ассамблеясынан дагы бул маалыматты тастыкташты. Сентябрь айынын башында Закиров тезинен каражат бөлүү керектигин айтып, кайрыла баштады. Ал “арызданам” деп коркутуп, мени шаштырып жатты.” – деди К. Талантбек уулу.

Эскерте кетсек, Аскарбек Шадиевге байланышкан сот сыртан өтүүдө. Өзүнө издөө салынган. Бирок, ал чет өлкөгө – АКШга чыгып кеткени белгилүү.

А.Шадиевдин үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (Кызматтык ишинен кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: