Menu

Искендер Гаипкулов, депутат: Сооронбай Шарипович ынтымакты ширеткенге аракеттенүүдө

Бөлүшүү:

—Искендер Төрөбаевич, Эсеп палатасында иштеген маалда кандай реформаларды жасай алдыңыз эле, кепти ошондон баштасак?

—Мен Эсептөө палатасында 2007-жылдын май айынан 2010-жылдын май айына чейин иштеп, үч жылдын ичинде чоң реформаларды жүргүздүк. Биринчиси, аудиторлордун санын кыскарттык. Мен барган убакта 14 аудит бар экен, кийин Зтү гана калтырганбыз. Себеби, көптөгөн мамлекеттерде аудиттердин саны аз, биз да кыскарталы деген жыйынтыкка келгенбиз. Мисалы, Прибалтика мамлекеттеринде, Россияда, Татарстанда чакан. Мындан сырткары, аудит жүргүзүү ыкмасын терең талдап, Эсептөө палатасынын мыйзамына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Мен барганга чейин укук коргоо органдарына кат жазса эле текшерип, палатанын 50 пайыз жумушу каттардын тегерегине байланып калган экен. Биз ошону толук жоюп, укук коргоо орган дары иш козгогон учурда гана текшерүү жургүзүү керектигин мыйзамга киргизгенбиз. Мындан сырткары, элчиликтерге бир, эки кызматкер жыл сайын барып аудит жүргүзүп жүргөн экен, ага кеткен чыгымды эсептеп, 4 жылда бир жүргүзүү боюнча Тышкы иштер министрлиги менен келишим түзгөнбүз. Эгер укук коргоо органдары кандайдыр бир материалдарды тапса гана кезексиз текшерүү жүргүзөлү деп эффективдүү иш баштаганбыз. Ошондой эле айыл өкмөттөрдү эки жылда бир текшерүү маселесин койгонбуз.

—Аудиттерди кыскартууну пайдасы болдубу?

—Ар бир аудиттин кызматтык унаасы, жардамчылары, командировкалык акчасы ж.б. бар. Айтор, чыгашасы абдан көп болгон. Биздин реформа менен мамлекетке чоң үнөм болду. Үч аудиторду тармакка бөлдүк, мурдагыдай чачкын болбой, ар бири өзүнүн иши менен алектенип калган. Бирок, 2010-жылдан кийин шайланган жаңы парламент кайрадан Эсептөө палатасынын мыйзамына өзгөртүү киргизип, аудиторлордун санын 9га көбөйттү. Тилекке каршы, андан мамлекет эч кандай пайда тапкан жок. Мен ушул жерден бир маселени кыстара кетейин, анткени сиздердин гезиттен Гаипкулов Эсептөө палатасында көзөмөл кылчу, Бакиевдин «кошелегу» болгон ж.б. дегендей маалыматтар кеткен. Эсептөө палатасын бир киши көзөмөлдөй албайт, себеби ал Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турган орган, президент менен парламент чогуу контролдойт. Ал эми министрлик жана ведомстволорду аудиттер текшергенден кийин материал өкмөткө, президентке жөнөтүлөт. Мындайча айтканда, Эсептөө палатасы бардык маселени өзү чечет дегенден алыс болушубуз керек. Бир кишиге да байланбайт. Ошондой эле Эсептөө палатасы жазалоочу орган эмес, мамлекеттин акчасынын эффективдүү иштешин көзөмөлдөп, мыйзам бузуу аныкталса, сунуш гана берет.

—Аудиттер текшерүүдө каражатты сарамжалсыз пайдаланганын аныктаган маалда министрлер «жең ичинен бүтүрөлү» деп суранган учурлар болобу? Негизи эле сүйлөшүүнүн негизинде жаап койгонго мүмкүнбү?

—Бюджеттин акчасын туура эмес пайдаланганы аныкталса, аны эч ким жашыра албайт. Эсептөө палатасындагы аудиторлордун кеңеши бар. Ар бир министрлик же ведомство боюнча текшерип бүткөндөн кийин, аудитор материалды палатага алып чыгат. Ал жерде коллегиалдуу чечилет. Мындайча айтканда, сүйлөшүүнүн негизинде жаба турган шарттар жок. Мен башкарган учурда ар бир аудитор өзүнө караштуу министрликке өзү жооп берчү. Буга факты катары айтсам, 2010-жылы революциядан кийин ар бир мамалекеттик органдын туура же туура эмес иштегенин анализдөө боюнча Абдыганы Эркебаев башында турган ЗОга чукул киши мүчө болгон мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Мен май айында комиссиянын алдында отчет бергем, ишимден эч кандай кынтык тапкан эмес. Мындан сырткары, Эсеп палатасынын төрагасы президенттин тапшырмасы менен саясатка аралаштыбы дегенге өзгөчө көңүл бурушкан. Анткени, ошол маалда мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланды деген негизде коргоо министри И.Исаковго, тышкы иштер министри А.Жекшенкуловго кылмыш иши козголгон. Ал иштерде Эсептөө палатасы кандай роль ойноду деген маселени дыкат караган. Биз бардык материалды көрсөттүк, эч нерсе тапкан эмес. Алардын ишин укук коргоо органдары иликтеп, жеке аудиттер текшергени аныкталды. Комиссия Эсептөө палатанын жетекчиси кызмат абалынан пайдаланган эмес экен деп таап, кызматы канааттандыраарлык деген чечим чыгарган. Ишин улантсын дешти, бирок мен өзүм моралдык негизде арызымды жазып кеткем.

—Пара алуу боюнча аудит Жусуп Иманалиев камалып кеткенин уккансыз да?

—Ооба, ал иш Элмира Ибраимова жетектеп турганда болду. Мен иштеген учурда аудиторлорго да, жөнөкөй кызматкерлерге да иш козголгон эмес. Таза иштегенге аракеттенгенбиз.

—Президенттин ишин кандай баалап жатасыз?

—Сооронбай Шариповичтин эң негизги ийгиликтеринин бири өткөндү жамандабай иштеп жатканы болууда. Мурунку жетекчилер бир кемчилик болсо эле, кеткен президентке шылтоолоп, ошоңдон калган нерсе катары айтып жатып калчу. Мындан сырткары, Акаев, Бакиев же башкасы менен иштеген деп бөлүп-жарган жок. Мындай осолдук Атамбаевдин учурунда өзгөчө көркүнө чыгып, элдин ичине жик кеткен. Бүгүн Сооронбай Шарипович акылмандык менен ушул маселени көңүлгө алып, ынтымакты ширеткенге аракеттенүүдө. Муну практикада көрүп жатабыз. Мисалы, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө мурун өкмөт жетектеген, Жогорку Кеңештин спикери болгон кишилерди, элге эмгеги сиңген генералдарды, коомдук жана саясий ишмерлердин баарын аянтка чакырып, майрамга катыштырды. Андан кийинки эки, үч ирет элдин баарын биримдикке чакырып, ким жакшы иш кылам десе кызматташууга даярмын деген оюн билдирди. Жарандык коом жана оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп, ой-пикириңерди бергиле деди. Журналисттер, жаштар менен жолугуп жатат. Кыскасы, биримдик идеологиясын баштап, элдин ынтымагын камсыз кылуу үчүн кадыр-барктуу кишилерди сыйлоо жагынан жолго кое баштады. Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгын жер-жерде белгилеп, элибиздин биригишине жол чабууда. Парламентте мыйзамдарды кабыл алууда дагы эркиндик байкалууда. Бул мыйзамды токтоткула, же бул мыйзамды өткөргүлө деген сунуштар түшкөн жок. Соттордун шайлануусунда ар бир депутат өзүнүн оюндагыдай добуш бере алды. Мурда начар иштеген судьяларды өткөрбөй койду. Булардын баары Президенттин өкмөт менен Жогорку Кеңештин ишине кийлигишпегенинен улам болуп жатат.

—Парламенттеги жыйындарда үнүңүз көп угулбайт, депутаттык ишмердүүлүгүңүз жигердүү жүрүп жатабы?

—Ар бир депутаттын өзүнүн иш ыкмасы бар. Кээ бир депутаттар элге үнү чыгып, жыйындарда сүйлөө жаатында иш алып барат. Көпчүлүгү жер-жерде, региондордо иштейт. Мен комитеттерде иш жүргүзүүгө аракеттенем, ошол жерде сүйлөйм. Себеби, бардык маселени караганга комитетте кенен убакыт болот. Ошол үчүн комитетке көңүл бурам.

Анан азыр бир жаман көрүнүш калыптанып жаткандай. Тиги депутат иштейт, бул депутат иштебейт, бул депутат мунун кадры дегендей. Дегеним, сиздер өткөн сандарыңыздарда депутат Алмасбек Акматовду Жаныш Бакиевдин эң жакын кишиси болгон деп жазыптырсыздар. Мен тактап коеюн, Алмасбек Жумабекович Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Эсептөө палатасына 2007-жылы менин чакыруум менен келген. Акматов Аскар Акаевдин убагында иш башкармалыктын орун басары болгон. Бакиев келгенде иш башкармалыктын жетекчиси кызматынан кеткенине байланыштуу, жетекчиси болуп калган. Парламенттик шайлоодон кийин иш башкармалыктан кетиришти. Эгер жакын мамилеси болсо, кызматтан кетмек эмес. Иши жок жүргөндө мен чакыргам. Ишеничти актап, Эсептөө палатасындаж жакшы иштеди, артынан жаман сөздөр тараган жок.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: