Menu

Ноокенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, анын иши соттун кароосуна жиберилди

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 24-февраль күнү саат 17.30 чамасында, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын 1979-ж.т. А.Я. аттуу тургунун, үйүнөн 3 бейтааныш азиат улутундагы жашы 25-35 жаштардагы балдар чакырып чыгышып, эч бир себепсиз уруп, тепкилешип денесине жараат келтиришкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Ноокен РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-бер. 2-б. 1-п. менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бул кылмышты жасаган, Ноокен районунун тургундары 1988-ж.т. С.А., 1995-ж.т. К.Э. жана 1997-ж.т. О.Ж. экендиктери аныкталган.

2019-жылдын 5-мартында кылмышка шектүү С.А. жана О.Ж. кармалышып, ошол эле айда соттун кароосуна жиберилген. Ал эми К.Э. жүргөн жерин жашырып, тергөөгө камсыз болбогондугуна байланыштуу ага карата издөө иши жарыяланган. Ноокен РИИБнин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылдан бери КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган К.Э. жашынып жүргөн жеринен кармалып, РИИБдин УКИна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жиберилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: