Menu

Эмомали Рахмон сим-карта баасын 250 сомониге жогорулатууну токтотту

Бөлүшүү:

Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон өкмөткө 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта мобилдик телефондордун сим-караталарын 250 сомониге көтөрүү тууралуу чечимди токтотууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдуфаттох Шарифзода билдирди.

“Президент сим-караталардын баасын жогорулатуудан улам чыккан ажиотаж маселесин көтөрдү. Тиешелүү министрлик жана ведомстволор, ошондой эле мобилдик байланыш компанияларына бул чечимди жүзөгө ашырууну 2019-жылдын 1-январына чейин токтотуп турууну тапшырды”-, деди ал.

Эки апта мурун мобилдик операторлор өз абоненттерине смс-билдирүү жөнөтүшүп, 1-сентябрдан тарта сим-карталарды 250 сомониге ($26,5) чейин жогорулатууну колдой турганын билдиришкен.

Мобилдик компаниялардын өкүлдөрү сим-карталардын бааларын жогорулатуу демилгеси өлкөнүн Ички иштер министрлигине таандык экенин тастыкташты. Мекеме бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки “коопсуздук чараларын” күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирген.

Буга байланыштуу Тажикстандагы мобилдик компаниялардын алдында бекер сим-карта алууну каалаган адамдардын узун кезеги жаралган. Социалдык түйүн колдонуучулары бул маселени катуу талкуулашып, нааразылыктарын билдиришкен.

Жергиликтүү талдоочулар бийлик өлкөдө кырдаалдын курчуп кетишине кооптонуп, сим-карталардын баасын жогорулатууну убактылуу токтотту деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: