Ат-Башы районунун айылдарында дельталёттун жардамы менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов онлайн-брифингде билдирдирди.
Анын айтымы боюнча, облустун айылдарында коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында дезинфекция иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Эртеңден баштап дезинфекциялоо иштери дельталёттун жардамы менен ишке аша баштайт.
“Биз Айыл-чарба министрлиги менен сүйлөштүк. Буйруса, эрте эрте менен дельталёт келет. Эртеңден баштап дезинфекциялык каражаттар үйлөрдүн үстүнө чачылат. Ат-Башы районундагы бардык айылдарына дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнү колго алабыз” – деп билдирди Эмилбек Алымкулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ