Menu

ИИМ “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтөт, жарандар зарыл болгон документтерди бир жерден алса болот

Бөлүшүү:

ИИМ “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтөт, жарандар зарыл болгон документтерди бир жерден алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ билдиргендей, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызмат көрсөтүү үчүн ачылып жаткан борборлор, ИИМден ар кандай тактамаларды жана уруксат берүүчү кагаздарды жеңилдетилген түрдө алууну көздөйт. Бул борборлор Кыргызстандын аймагында соттолгондугу жоктугу жөнүндө тактамаларды, апостилдерди, кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын жана башка тактамаларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келет.

Андан сырткары, кызмат көрсөтүүлөрдүн мындай формасы кызмат адамдары менен жарандардын байланышуусун азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого шарт түзөт. Башында жарандардын ИИМдин дарегине көптөгөн наарызычылыктары пайда болсо, жаңы Борбордун ачылышы менен бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болду. Кардарлар  электрондук кезекке турушуп, күтүү залында экранды карап турушат.

Кызмат көрсөтүү борбору эки бөлүмдөн турат, биринчи бөлүмдө арыздарды жана башка документтерди кабыл алса, ал эми экинчисинде ИИМдин имаратында иштелип чыгып, даярдалат. Зарыл болуп ала турган документтердин үлгүлөрү дубалда илинген. Төлөмдөр Quickpay терминалы аркылуу ишке ашат. Ар бир кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы зарыл болгон документти алуунун убактысына жараша болот.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо, жарандардын ага жеткиликтүүлүгүн ыңгайлаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн убакыттарын, процедураларын азайтуу, андан сырткары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жарандарды заманбап форматта тейлеген борборду ишке киргизген.

Мындай тутумду киргизүү жарандар арыздарды таштоодо убакытты создурбоо жана төлөмдөрдү ишке ашырууда жеңилдиктерди берет. Жарандар үчүн ыңгайлаштырылган “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөткөн борборлордон калкыбыз зарыл болгон документтерди бир жерден алса болот.

Жарандар КРнын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө тактаманы, соттолбогондугу жөнүндө тактаманы акы төлөмө жана бекер негизде төмөнкү даректе жайгашкан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн борборлор берет:

1. Чүй облусу, Бишкек шаары – Бишкек, Курманжан Датка көчөсү №115 (Чүй ОИИББдин имараты);

2. Жалал –Абад облусу- Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү №37;

3. Ош облусу- Ош шаары, Ленин көчөсү №199;

4. Баткен облусу- Баткен шаары, Раззаков көчөсү № 4;

5. Нарын облусу – Нарын шаары, Ленин көчөсү № 27;

6. Ысык – Көл облусу- Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №146 «а»;

7. Талас облусу- Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191

Азыркы учурда ИИМдин кызматкерлери жарандарга ыңгайлуу болушу  үчүн ар бир облуста мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн борборлор менен пунктар ачылып, республика боюнча “Бирдиктүү терезе” режими боюнча иштеген 31 пункт иштөөдө. Бул жылы дагы кошумча пунктарды ачуу каралууда.

Отчеттук мезгил аралыгында 2020-жылдын 1-январынан 31-январга чейин -1773 апостилденген тактама, -157 миң 391 соттолуусу бар же жоктугу жөнүндө тактамалар берилген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Чүй ОИИББдин имаратында, Чүй облусунун Токмок ШИИБи менен Жайыл РИИБде, Жалал-Абад ОИИБде, Кара-Көл жана таш-Көмүр ШИИБде, Ала-Бука жана Токтогул РИИБде, Ош ОИИБде, Алай, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Кулжа РИИБде, Баткен ОИИБде, Кадамжай жана Лейлек РИИБде, Кызыл-Кыя, Сүлүктү ШИИБде, Нарын ОИИБде, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы РИИБде, Ысык-Көл ОИИБде, Ысык-Көл РИИБде, Балыкчы ШИИБде, Ысык-Көл,Тоң, Жети-Өгүз РИИБде,Талас ОИИБде, Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата РИИБде ачылып, алар өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Ички иштер министрлиги 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында кошумча 6 пункту Нарын облусунун Жумгал РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп РИИБде, Талас облусунун Талас РИИБде, Ош облусунун Араван РИИБде, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБде ачууну көздөөдө.

Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

– 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

– 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.

Бекер негизде берилсе – 7 күндүн ичинде берилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандар өзүнүн жеке идентификациялык номурун акы төлөй турган терминалга киргизүү керек, анын негизинде гана арыз автоматтык түрдө кызматтык көрсөтүүгө акы төлөгөндөн кийин автоматтык турдө кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон жана пунктардан даяр тактаманы алуу үчүн өздүгүн тактай турган домументтерди көргөзүш керек.
Андан сырткары, жарандар https://portal.tunduk.kg мамлекеттик электрондук порталына тактамаларды алуу үчүн арыздарын берсе болот.

Маалымат алуу үчүн телефондор: +996 312 369417, +996 312 369418.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: